www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Красноярск крайынын Щетиниск айылда Сайба дарыясында алтын иштетилип чыгарылып жаткан артелде тосмо жарылып кетип, бир топ жарандар дайынсыз жок болуп, каза болгон. Каза болгондордун арасында кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетованын берген маалыматына караганда, РФнын ӨКМнин Красноярск крайы боюнча башкы башкармалыгынын тиийштүү бөлүмү менен элчиликтин Красноярск шаарындагы кеңсесинин кызматкери байланышып, саат 15.00. карата, ал жерде жабыр тарткан, каза болгондордун арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок экендиги тастыкталган. Маселе элчиликтин көзөмөлүндө. Кечке дагы маалыматтар такталып турат.
Эске салсак, бүгүн, 19-октябрда Россиянын Красноярск аймагындагы Щетиникино айылында жайгашкан дамба жарылып, анда 15 киши каза болгон. Андагы маалыматтарга ылайык, жарылуу жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 6:00дөр чамасында болгон. Сайга дарыясына курулган дамбанын жарылып кетүүсүнөн улам каза болгондордун саны алгач 13 деп берилсе, акыркы сааттарга алардын саны 15ке жетти. Дагы 14 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага түшүшкөн, алардын арасынан үчөөнүн абалы оор. Мындан сырткары 13 адамдын дайыны белгисиз бойдон калууда.
Учурда жергиликтүү бийлик кырсык болгон Щетинкино айылынын тургундарын башка жерге көчүрүп жатышат.
Жергиликтүү бийликтин тараткан маалыматы боюнча, дамба эч жерде катталабаган "Сибзолото" аталыштагы алтын казуучу холдингге карайт. Красноярск аймагынын өкмөт башчысы Юрий Лапшиндин билдирүүсүнө ылайык, дамба кустардык ыкма менен, тагыраагы, кол менен курулган, эч кандай талаптарга жооп бербейт. Учурда коопсуздук эрежелерин бузуу боюнча кылмыш иши козголгону айтылды.
Белгилей кетсек, дамба жарылган айылда жалпысынан 180ден ашуун үй-бүлө жашайт.
Булак: NazarNews.kg