www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Элдин сүрү жаман. Эгерде омуроолой берсе ал бирди көрүп калышы деле ажеп эмес. Буга качкан ажолордун тарыхын далил катары карасак болот. Ал эми Ат-Башынын 200 гектар жерине логистикалык борбор куруунун өзү реалдуу эмес экендигин башында эле билгенбиз.
Бирок, ага карабай эле капчыктуу, курсактуу олигархтарды, ныпым баркы жок депутаттарды айылга жиберип шоу кылгандарынан түк майнап чыкпады. Ошол бийликтин камчысын чапкысы келгендерди эл тоотуп койгон жок, баштагыдай болуп ийип бербеди. Анткени улам барган сайын адамдардын мекенчилдик сезими агарып баратат.
Алтын аякка аш салып, бейиш жашоону алып келебиз дегендердин башында Эмилбек Абдыкадыров деген эрен турган. Аягында анын да ээги шалбырап, жумуру кургап, эриндери кеберсип жеңилгенин моюдаганга аргасыз болду. Атбашылыктар ошентип курч таймашта жеңүүчү аталды. Бар болгула, чыныгы патриоттор, силер бар үчүн кыргыз өлкөсү кармалып турат!
Булак: "Ачык сөз"