www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дин тутуу эркиндиги деген бул – арабча бийлеп, арабча кийинип, пакистанча даваат кылуу эмес.... Мындай пикирин Абдымамбет Сариев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
“Дин тутуу эркиндиги деген бул – араб-еврейдин, пакистандыктын улуттук кийимин кийип, кара жоолугун салынып, даваатка чакырып, кыргыздын кийимин чанып, элди каратуу үчүн атайылап арабча куйрукту чайпап бийлей басуу эмес!
Дин тутуу эркиндиги деген бул – чын дилиңден руханий ишенимге берилип, мамлекеттик мекеме болгон мектеп тартибин, кызмат тартибин сактап, көчөдө, жолдо, базарда, иштеген жериңде араб-пакистандын кийимин модага айлантпа, “эл караса экен?!.” деп койколоктобо!
Дин кайсы бир улуттун кийимине көз каранды эмес!
Динге ар кайсы улуттардын ар кандай кийингени – жоолугу, өтүгү, ыштаны ж.б. кийимдери таасир эте албайт. Себеби, дин арабдын же пакистандыктын кийимине муктаж эмес, дин адамдардын руханий дүйнөсүнө муктаж!
Динди тутканың үчүн башкаларга док урунба, милдет кылба, алкылдаба, таркылдаба, фбда ж.б. соц тармактарда сөгүнбө, уят сөз жазба жакшы ойлорду ойлоп, жакшы сөздөрдү сүйлөп, маданияттуу, сылык, сабырдуу, адептүү болуп, Кудайдан коркуп, элден уялып иштеп, жаша!”, - деп белгилеген ал.
Булак: NazarNews.kg