www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абдымамбет Сариев: «Өткөндү кайталаса булар дагы жарыбайт»

Депутаттар элди ичтен ириткен диний НПОшиниктерди тыйбай шерменде болду. Мындай пикирин жазуучу Абдымамбет Сариев билдирди.

«30 жыл ичинде 5 президенттин кубаланышынын, 25 өкмөт башчынын алмашуусунун, жкдагы жайнаган депутаттардын кадыр-баркынын кетүүсүнүн негизги себеби эмнеде?

30 жылда Кыргызстанда 5 Президенттин –Аскар Акаевдин, Курманбек Бакиевдин, Роза Отунбаеванын, Алмазбек Атамбаевдин, Сооронбай Жээнбековдун алмашып жана кубаланып куурагандыгынын себеби, алар кыргыздын менталитетине жат Англо-Еврей-Арабо-Пакистанчыл диний экпансияны, Батышчыл, АКШчыл адам укугун, демократияны ооздуктабай жайына койгондугунда болду!

Аталган Президенттер жана алардын тушундагы Өкмөт Башчылар, Депутаттар дин аркылуу Араб, Пакистан маданиятын таңуулап, элди бөлүп-жарып ичтен ириткен диний НПОшиниктерди (диний лидерлерди) тыйбай, ооздуктабай жана гендердик саясат, демократия, сөз эркиндиги, баланын укугу, аялдын укугу, адам укугу ж.б. укуктарга таянып элди бөлүп-жарып, ичтен ириткен Батышчыл, Англо-Еврей АКШчыл НПОшниктерди дагы тыйбай, ооздуктабай кайра аларга кошулуп, алар көрсөткөндөй мыйзамдарды чыгарып, Конституцияны алардын талабына ылайыкташтырып, аларга туура келген Келишимдерге жана Конфенцияларга кол коюуп, байкуш кыргыздын эсин эки кылып, ар тараптан талатып, тонотуп, жер-кен байлыктарын саттырып, руханий баалуулуктарын тебелетип, каада-салтын бузуп, өлгөндө да жайына койбой арабча көмдүрүп, акмагын чыгарып кордогон молдолорго кошулуп өз элине кыянаттык кылгандыктары үчүн Жараткан Кудайдын Жазасына, Манастын каарына, ата-бабалардын арбактарынын нааразычылыктарына туш келип, акыры Ак Үйдөн куулуп куулуп-сүрүлдү, шерменде, маскара болду. Бирок, булардын ордуна келгендер (Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт) кайра эле алардын жолун уланткандыгына байланыштуу кайра эле жогорку себептер менен бийликтен ыргып, кубаланып, анын негизги себебин билбей элди да кууратып, өзүлөрү да куурашты.

Байыркы Кыргызды ар намыска келтирип, жаман жолдордон аластап, бузуктуктан, айбандыктан арачалап, жол көрсөтүп багыт берип, нечен кылымдардан бери тарбиялап, сактап келген, кыргыздын жазылбаган мыйзамы болгон каада-салтын, улуттук духун бийик көтөргөн Манасын, түрк элдеринин атасы болгон тилин ж.б. руханий баалууктарын барктабай кор кылган, Арабо-Пакистандык диний агымдарга, Батышчыл, Англо-Еврей-АКШчыл саясий таңуулоолорго тебелеткен мурдагы Өлкө Бийлиги (Президент, Жогорку  Кеңеш, Өкмөт) жарыган эмес!

Эгерде азыркы Өлкө Бийлиги (азыркы Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт)30 жыл ичиндеги мурдагы 5 Президенттин, алардын тушундагы ЖКнын жайнаган депутаттарынын, 25 Өкмөт Башчынын – Өкмөт мүчөлөрүнүн катачылыгын кайталаса булар да жарыбайт!», - деп белгилеген ал.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости