www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун кесепети психикалык жактан жабыркашы мүмкүн. Бул тууралуу белгилүү кардиохирург, профессор Калдарбек Абдраманов билдирди. 

--"Коронавирустун эпкини адамдын бардык органдарына жана системага тиет. Бизге мурун же кийин жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларына кабылып, коронавирус жуктургандан кийин ошол илдеттери күчөп кеткендер беш-алты эсе көп кайрылууда. Бөтөнчө айылда буту-колу шишип, энтигип, жүрөгү кысылып жүргөн 60-65 жаштан өткөн адамдар бар, анан убагында келишпейт. Жашы өткөн адамдардын кан тамырлары ичкерип, ийкемдүү болбой калат, абалды өнөкөт оорулар ого бетер татаалдаштырып жиберет. Ошолорду вирус ооруканага алып келип жатат. Коронавирустун айынан жүрөк илдеттеринин саны өсүп кетти деп айта албайм, бирок ооруканага кайрылгандар көп. 30-40 жаштагы кишилер коронавирустун айынан миокардит — жүрөк булчуңунун сезгениши, жүрөк жетишсиздиги менен кайрылууда.
Вирустун организмге негизги кирүү жолдорунун бири — чел кабыктар. Алар мурунда, ооздо, өпкөдө, кекиртекте, кызыл өңгөчтө жайгашкан. Ошол чел кабыктагы рецепторлор аркылуу организмге кирет. Алгач чел кабыктын клеткаларын талкалап, анан кан менен денеге тарайт.

Ал эми кан тамырга түшкөн вирус анын да ички чел кабыктарын жабыркатып, мунун кесепетинен майда тамырлар жабыркайт. Кан коюуланып, майда кан тамырларда кан уюп калат. Кандын уюшу бара-бара чоң кан тамырларга өтүп, өпкөнүн майда тамырлары жабылып, адамда дем жетишпей баштайт. Негизинен өпкөдөгү майда тамырлар канды жүгүртүп, кычкылтек менен байытып, аны жүрөккө, анан чоң кан тамырлар аркылуу организмге өткөрөт. Коронавирус ошол  кычкылтекти таратуу процессин начарлатат. Сатурация түшүп кетти деп ушуну айтат.

Экинчиден, вируска адамдын организми түрдүүчө жооп кайтарат. Кээде инфекция менен күрөшөм деп жатып организмдеги коргоо системасы өзүнүн соо клеткаларын талкалап салат", - дейт даарыгер. 

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости