www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең, 10-мартта Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында казак жазма адабиятына негиз салган улуу акын, ойчул, агартуучу жана коомдук ишмер Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгына карата «Миң таазим Абай акынга» аттуу чоң программадагы концерт өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, салтанатка Казакстандын маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова жана Өзбекстандын маданият министринин орун басары Олимжон Мирзаев да катышат.

Концерттик программа Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстан мамлекеттеринин өнөр адамдарынын катышуусунда өтөт.

Иш-чара саат 18:30да башталат

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости