www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айым жигити көзүнө чөп салганын өзгөчө ыкма менен билип алды

Британиялык теле алып баруучу фитнес-браслеттин жардамы менен жигити анын көзүнө чөп салып жүргөнүн аныктаган. Бул тууралуу The Sun сайты жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, аял фитнес-браслеттин жардамы менен жигитинин түнкү активдүүлүүгү адаттан тыш экенин байкаган. 39 жаштагы белгилүү теле алып баруучу Надия Эссекс жигити экөө синхрондоштурулган фитнес-браслеттерин тагынып, бири-биринин ден-соолугунун көрсөткүчтөрүнө көз салып турууну туура көрүшкөн.

Аялдын айтымында, жигити кечеден кайтып келгенден кийин, ага эртең мененки тамакты жасоону чечкен. Ал фитнес-браслеттеги маалыматты карап жатып, түнкү саат экиден үчкө чейинки аралык учурунда жигити болуп көрбөгөндөй активдүү болгону көрүнгөн.

Теле алып баруучу жигиттен түшүндүрмө талап кылып, андан кийин жигити башка бирөө менен болгонун моюунуна алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости