www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япониянын мамлекеттик Илимдер институтунун (Рикен) эсептөө борборунда, дүйнөдөгү эң ылдам суперкомпьютер "Фугакуну" толук кубаттуулук менен ишке киргизүү салтанаты болду. Бул тууралуу Kyodo агенттииги жазып чыкты.

Алгач, суперкомпьютерди толук жумушчу циклга апрель айында киргизүү пландаштырылган. Бирок, процессти тездетүү чечими кабыл алынып, анын ичинде коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу шашылыш изилдөөлөрдү жүргүзүү зарылдыгы келип чыккан.

"Фугако" жарым-жартылай 2020-жылдын апрель айында ишке киргизилген. Июнь айында ал планетанын эң күчтүү суперкомпьютерлерин аныктаган эл аралык "Топ-500" долбоорунун адистери тарабынан дүйнөдөгү эң ылдам деп таанылган. Ошол эле учурда, бул макам ноябрь айында экинчи жолу тастыкталган.

Суперкомпьютер Fujitsu электр корпорациясы тарабынан Табигый илимдер институтунун адистери менен биргеликте түзүлгөн. Ал секундасына 415 квадриллиондон ашык эсептөө жүргүзө алат.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 28-июлунда, АКШ COVID-19 жөнүндө маалыматтарды талдоо үчүн "АКШдагы эң ылдам суперкомпьютерди, АКШнын Улуттук Лабораториясында жайгашкан Summit компьютерин" колдоно баштаарын жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости