www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 "Кызматтан кетүүгө "Жерүй" боюнча позициям себеп болду”, - деди бүгүн, 9-мартта NazarNews маалымат агенттигине Таластагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын өткөрүп берген Айбек Мырза.

-- Айбек Мырза, Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан өз эркиңиз менен кеттиңизби же иштен кетүүгө аргасыз болгон жагдай жаралдыбы? 

-- Негизи менин кызматтан кетишим саясий чечим болду. Ошондуктан кызматтан кетүү чечимин кабыл алууга аргасыз болдум.

-- Кызматтан кеткениңизге “Жерүй иштебесин”деген позицияңыз себеп болдубу же иштин көзүн таба албай койдуңузбу?

-- Кызматтан кетишим ишти алып кеткениме байланыштуу эмес, Жерүй иштебесин деген позицияны карманганым себеп болду. Кандай болгон күндө да Жерүй кыргыз элинин пайдасына чечилсин деген позициямдан кайтпайм.

-- Негизи иштин көзүн таба алдыңызбы?

-- Бул боюнча эл өзү баасын берет деп ойлойм. Кыска убакыттын ичинде алдыга койгон пландардын баарын ишке ашырууга үлгүрдүм. Кошумча негизги багыттарды аныктадык. Шайлоону таза өткөрдүк. Административдик ресурс колдонгон жокпуз. Салык чогултууну эки эсе жогорулаттым. Кыскасы, мен жаңы кызматка киришкен учурдагы оор саясий кырдаалды жөнгө салдым. Эл менен тил табышып, жакшы иштештим. Башында Таласта COVID-19ка кабылгандар күндө чыгып жатса, азыр Кудайга шүгүр, оору жугузгандар жокко эсе. Кыскасы, оор абалдын баарын эпке келтирдик. Эл менен иштөө өтө деле кыйын болгон жок. Адилеттүү калыс иш алып барсаң, иштин көзүн билсең баары бат эле өз ордуна коюлат экен. 

-- Айрымдар бийликтегилер жаштардын деми менен кызматка келип алып, жыйынтыгында жаштарды сүрүп чыгарып, баягы эле карышкырларды кызматка ала баштады деп сындап жатышат. Сизди бийликтен сүрүлгөн жаштардын катарына кошсок болобу?

-- Мен өзүмдү бийликтен сүрүлгөн жаштарга кошпойм. Менин кызматтан кетишим жогоруда айткандай саясий позицияма жараша болуп калды. Эл аралык саясатта сөз кылчу маселелер бар. Аны Бишкекке барганда пресс-конференция бергенде толук айтып берем деген ойдомун.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости