www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы менен маек.

- Шаарыбыздагы дарактар жыл сайын суюлганы аба булганганга да таасири тийгендей...

- Бул жашылдандыруу маселесинде чоң көйгөйгө айланды. Бишкек шаары союз учурунда эң бир жашыл шаарлардын бирине кирчү. Алдыңкы көрсөткүчтөрдө эле.

Азыркы күндөрү жашыл шаардын кунары качып, дарактар суюлду. Жаңы курулуштар көбөйүп, жашылдандыруу иштери солгундай түштү. Анүстүнө модага өтүп, ар кандай экзотикалык типтеги дарактарды эгүүгө басым жасай баштадык.

Ар кандай түрлөрүн тигип жатышат. Бирок алар көп көмүр кычкыл газын кабыл ала алышпайт. Бизге негизинен жазы жалбырактуу чоң дарактар керек. Ошол жанагы биздеги көп сандагы эмен дарагы, чынар дарагын, теректерди көбөйтүп, ушул багытта иштерди алып барсак болмок.

Модага айланган, сырттан келген дарактар менен алектенип жатабыз, алар бирок шаардын климатына көп пайдалуу таасир бере албайт. Көбүнчө басымды жергиликтүү дарактарга жасаганыбыз оң.

Жазы жалбырактуу дарактар көбүрөөк көмүр кычкыл газын тартып алмак. Кышында климатты көрүп жатабыз. Жергиликтүү дарактарды көбөйтсөк, аба тазалаганга чоң таасири тиймек.

Булак: Азия News гезити

Последние новости