www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Өзбекстан аркылуу Түркмөнстандан газ алып келүүнү пландоодо. Бишкекте 5-ноябрда өткөн "Европа Биримдиги – Борбор Азия" экономикалык форумунун алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугуп, ушул маселени талкуулады.

Алар Түркмөнстандан Кыргызстанга Өзбекстандын аймагы аркылуу электр энергиясын жана жаратылыш газын алып келүү жаатында сүйлөшкөнүн Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Көгүлтүр отундун транзити боюнча сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайы айтылган жок. Түркмөнстандан газ импорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын президенти Садыр Жапаров биринчи жолу октябрдагы жылдык пресс- конференциясында айында билдирген.

Учурда Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу май жана газ рыногун негизинен Орусия ээлейт. 2014-жылдан бери өлкөгө орусиялык “Газпром” компаниясы газ импорттойт.

Садыр Жапаровдун 2021-жылдын июнь айында Түркмөнстанга жасаган иш сапарынын жүрүшүндө мамлекеттердин отун-энергетика тармагындагы кызматташуусун бекемдөө боюнча макулдашууга жетишилген.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов "Түркмөн тарап Кыргызстандын бардык муктаждыктарын канааттандырууга, техникалык жана уюштуруучулук маселелерди талкуулоого даяр" деп билдирген.

Буга чейин Кыргызстан өлкөдөгү энергетикалык кризистин фонунда Түркмөнстандан электр энергиясын импорттой баштаган. Садыр Жапаровдун айтымында, электр энергиясы 1 кВт саатына 2 сомдон алынууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости