www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти болуп кайра шайлангандан кийин Шавкат Мирзиёев кызматына киришти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынын Telegram-каналы жазды.

Инаугурация салтанатына парламенттин жогорку жана төмөнкү палаталарынын, өкмөттүн мүчөлөрү, ошондой эле дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышууда.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, мамлекет башчысы БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялагандан кийин эки айдан кеч эмес убакытта парламентте ант берип кызматына киришет.

Өзбекстандагы президенттик шайлоо 24-октябрда өтүп, Шавкат Мирзиёев элдин добушунун 80,12 пайызын алып жеңип чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости