www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги экс-вице-премьер–министр Абдырахман Маматалиевди кепке тартып, чек арадагы чыр жараткан маселелерди ортомчусуз эле чечүү керектиги  боюнча сүйлөштүк.

--Абдрахман мырза Россия жамааттык коопсуздук уюмуна мүчө болгонубуз үчүн Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасын чечүүгө  ортомчу болуп берели деп жатабы?

--Россия биз менен «жамааттык коопсуздук уюму» жана башка бир топ эл аралык уюмдар аркылуу өнөктөшүбүз болгондуктан, алар акыркы мезгилдеги эки өлкөнүн чек арасындагы чыңалууга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин кабарлап жатат деп түшүнүп туралы...

--Алар чек ара маселесин чечүүгө салым коштук деп кийин биздин бийликти бир нерсеге милдеттендирип койбойбу?

--Дегеле, чек ара маселесин эки тарап гана ымалага келип чечкени туура. Үчүнчү тарап кошулганда алардын да өз кызыкчылыктары болушу мүмкүн. Ошондой эле келишпестиктер көбөйүп, чыр-чатак ырбап кетиши ыктымал. Ошон үчүн Орусия менен дүйнөлүк тажрыйба жана эски архивдик материалдар боюнча консультация алып, кызматташсак болот. Бирок, сүйлөшүүлөрдү эки тарап гана жүргүзүп, чечимди өздөрү гана кабыл алышы керек.

--Чек арада ок атышуу эмнеге адатка айлана баштады?

--Негизи ок атышуу кадимки көрүнүшкө айланганы жаман симптом. Ок атышуу өз ара ишенимдин жоголуп бара жаткандыгын тастыктайт. Эгер, өкмөт тез арада даректүү чараларды көрбөсө, кырдаал дагы курчушу мүмкүн.

--Жазуучу Чолпонбек Абыкеев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына  ок атышуу согушту жакындатып жатканын, чек ара маселесин чечпесек, абал оорлойт деген оюн жазды. Анын жазганында чындык барбы?

--Туура  маселе көтөрүптүр. Чынында чек арадагы абал күн сайын өзгөрүүдө. Өкмөткө болгон элдин өкмөткө ишеними азайып, акыркы мезгилде чек араны коргоо боюнча коомдук уюмдарды түзүлө баштады. Мына ушул жагдай  да, аны кандайдыр бир деңгээлде тастыктап тургансыйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости