www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ:

New York Times гезити АКШ өкмөтү өлкөдө билим алып жаткан кытайлык миңдеген студенттер менен изилдөөчүлөрүн визаларын жокко чыгарып, өлкөдөн чыгарууну пландаштырып жатканын жазды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Американын расмий өкүлдөрү бул президент Дональд Трамптын АКШда жашаган кытайлык студенттер, анын ичинде Кытай аскерлери менен байланышкан аскердик колледждер менен түз байланышта болгон студенттердин санын чектөө үчүн жасап жаткан жаңы кадамы деп билдиришти.

АКШнын университеттеринин Трамптын администрациясынын бул чечимине жооп кайтарышы күтүлүүдө.

Себеби, эл аралык билим алмашуунун руханий баалуулугунан тышкары, бул окуу жайлардын көпчүлүгү чыгымдарын жабуу үчүн чет өлкөлүк студенттерден, айрыкча кытайлык студенттерден көз каранды.

Айрым расмий эсептөөлөргө ылайык, мындай чечим жок дегенде 3000дей студенттерге карата колдонулушу мүмкүн, бул АКШда окуган болжол менен 360 миң кытай студенттеринин аз пайызын түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости