www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги экс-депутат, экс-вице-спикер Абдырахман Маматалиевди кепке тартып, карантиндин кесепеттери тууралуу ой бөлүштүк.

--Абдырахман мырза, карантин элибиздин турмушун кандай нукка бурушу мүмкүн?

--Карантиндин учурунда  көпчүлүк (айрыкча атка минерлерибиз) элибизди миңдеген жылдар бою сактап келген сабырдуулук, боорукерлик, ынтымак-ырашкерлик, барга топук кылуу, аярлууга жардам берүү сыяктуу улуттук сапаттарыбызды, каада-салттарыбызды өздөрүнүн жашоо принциптерин кайра карап чыгууга шарт түзүлдү го деп ойлойм. Эми карантин бүткөндөн кийин да элибиздин ушундай асыл сапаттарын бекем кармап, бөлүнүп-жарылууну токтотуп, биримдикте болуп, өнүгүүгө бет алсак жакшы болот эле деген тилектемин. Экономикабыз бир топ артка кетти. Аны жолго салыш үчүн өкмөт өз курамына билимдүү, тажрыйбалуу, мекенчил, таза, эрктүү инсандарды топтоп, калкты социалдык жактан коргоо, бизнести калыбына келтирүү, өнүктүрүү, транспорт, курулуш, айыл-чарба сыяктуу тармактардын ырааттуу иштешин камсыз кылуу боюнча атайын программаларды иштеп чыгып, кыска мөөнөттө ишке ашыруусу зарыл. Ошондой эле саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактарына жаңыча көз караш менен мамиле кылып, даректүү иш чараларды ишке ашырыш керек. Мамлекет жетекчилери ушул кырдаалды, жарандардын аң сезиминде болуп жаткан позитивдүү өзгөрүүлөрдүн баарын туура багытка буруп, өлкөнүн өнүгүп-өсүшүнө колдонушу керек. Кеп биздин жетекчилерибиз кырдаалга туура баа бере алабы, элибизди ар кандай саясий күчтөрдү бириктирип, мамлекетибизди кризистен алып чыгып кете алабы ошондо. Азыртан туура багытка салбасак, элдин турмушу мындан ары да начарлап, кризис улана бериши мүмкүн.

--Айрым адистер коронавирустун экинчи толкуну октябрь, ноябрь айларында болот деп боолгоп жатышат. Ошон үчүн кошуна мамлекеттер оорукана сала баштаптыр. Биз болсо баштык таркатуу менен гана алекпиз. Эгер чындап экинчи толкуну башталса, баш-аягыбызды таппай калбайбызбы?

--Биринчиден, азыр эч ким экинчи толкун болот деп так айта албайт. Экинчиден, дүйнө жүзүндө алардын ичинде, бизде да бул илдет менен күрөшүү боюнча бир топ тажрыйба топтолуп калды. Россияда жана башка бир нече мамлекеттерде бул ооруга каршы дары-дармектерди сыноодон өткөрө башташты. Күзгө чейин вакцина да даяр болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан, жаңы курулуштарды баштоодон мурда, болгон ооруканаларыбызды ремонттоп, жаңы заманбап жабдыктарды, дары-дармек жана башка зарыл нерселерди камдап, врачтарыбызды, медициналык кызматкерлерди окутуп, үйрөтүп даяр болуп турганыбыз жакшы го. Түзүлгөн кырдаал Өзгөчө кырдаал министрлигинин, Социалдык коргоо министрлигинин ишмердигин да реформалоо керектигин көргөздү. Күзгө чейин тез арада бүтүрүүчү иш чаралар абдан көп болууда. Негизгиси, эл аралык уюмдар жана башка демөөрчүлөр тарабынан бөлүнгөн каражаттарды ысырап кылбай, даректүү пайдаланып, даяр болуп турууга толук мүмкүнчүлүк бар.

--Ишкерлерден  атайын эсепке чогулган каражат кайда пайдаланышы керек?

--Ишкерлер тарабынан атайын эсепке которулган каражаттар коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен сарпталып, коомчулукка, парламентке маалымат берилип туруусу зарыл. Ал эми ишкерлер тарабынан аярлуу катмарларга түздөн-түз берилип жаткан жардамдардын да так эсебин алып, коомчулукка маалымат берип турса жакшы болот эле. Өкмөт, жергиликтүү бийлик органдары эсебин тактап, элге жеткирип турууга милдеттүү.

--Карантин дагы узартылышы керекпи?

--Карантиндин узарышы кырдаалга байланыштуу да. Адистердин айтуусуна караганда узарат го. Бирок, анын шарттарын жеңилдетүү, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен кээ тармактардын ишине уруксат берүү боюнча атайын эрежелерди иштеп чыгып, ишке ашыра баштасак туура болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости