www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги  Абдырахман Маматалиев менен  “Кыргызстан” партиясы менен БШКнын ортосундагы жагдай боюнча баарлаштык.

-“Кыргызстан” партиясын сотко сүйрөө БШКнын катачылыгыбы же жарандык көзөмөлдүн күчтүүлүгү болдубу?

-Алгач, жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер  айрым партиялардын өкүлдөрү чуу чыгарышпаганда  жабылуу аяк жабылуу бойдон калмак. Чуу чыгарып, маселенин аныгына жетүүгө аракет кылгандардан  кооптонгон БШК “Кыргызстан” партиясын шайлоодон четтетти.  “Кыргызстан” партиясы сотко кайрылды. БШК Жогорку сотко кайрылып,  жыйынтыгы чыгып, ыраазы болгондор да, нааразы болгондор да болду.

- “Кыргызстан” партиясы соттон утканы БШК катачылыкка жол бергенин далилдейби же бул жерде дагы маселе башка өңүттө чечилгенин айгинелейби?

-Соттордун чечимин айрыкча Жогорку Соттун чечимин эч ким талкуулап, шек келтирүүгө укугу жок. Бирок, азыр эл арасында сотторго болгон ишеним төмөн болгондугуна байланыштуу ушундай күмөндүү пикирлер жаралып жаткансыйт...

-Соттон утулуп калган  БШК эми “Кыргызстан” партиясына өчөшүп калып, шайлоодо мандатка ээ кылбай койбойбу?

-Андай аракеттер болушу да мүмкүн. Ошондуктан, “Кыргызстан” партиясы мыйзам бузууга жол бербей, шайлоо өнөктүгүн таза алып баруусу зарыл. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости