www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде гана иш алып барууда. Мындай пикирди Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди. 

--“БШК өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде гана иш алып барууда. Мекеме токтомго өзгөртүү киргизип, же кабыл алса болот. Эң негизгиси мыйзамдын талаптары аткарылып, мөөнөтү сакталса болгону. Ош облусу жана Ош шаарында эл жыш жайгашкан.

Андыктан ар кандай пикирлер болду. Биз жергиликтүү бийликтин сунуштарын эске алдык. Башкысы мыйзамдын талаптарына ылайык иш алып барылды.

Округдардын чек араларынын өзгөрүп кетишине шайлоочулардын саны дагы таасир этти. Анткени токтом 5-сентябрда кабыл алынса, шайлоочулардын алдын ала тизмеси 9-сентябрда жарыяланды”, - дейт ал. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости