www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Талибан" кыймылы Ашраф Ганиден өзү менен кошо алып чыгып кеткен 169 миллион долларды берүүсүн талап кылды.

Ооганстандын жаңы өкмөтү өлкөдөгү башаламан учурунда  экс-президенти Ашраф Ганиден өзү менен кошо алып кеткен каражатты кайтарып берүүсүн талап кылат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн убактылуу өкмөтүнүн маданият жана маалымат министринин орун басары Забиулла Мужахиддин берген маалыматына таянып, чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Ашраф Гани мамлекеттин, элдин акчасына кол салып уурдап кетти, биз каражатты кайра кайтаруусун талап кылабыз", - деп убактылуу өкмөтүнүн маданият жана маалымат министринин орун басары Забиулла Мужахиддин билдирген.

Эске салсак, буга чейин Ашраф Гани чоң суммадагы акчаны өлкөдөн алып чыккандыгы тууралуу маалымат тараган. Кийинчерээк чет элдик басылмалар Гани Ооганстандан 169 миллион долларды чыгарып кеткенин жазган. Ооганстанды 2014-жылдан бери жетектеп келген Гани 15-август күнү "Талибандар" Кабулга киргенде отставкага кеткенин жарыялап, өлкөдөн чыгып кеткен.

"Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости