www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Арам акчаларын чачып, Жогорку Кеңешке өтүп жана бийликтин майлуу креслолоруна отуруп көргөндөр таза шайлоону каалашпайт», 24-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине ЖКнын депутаты Марлен Маматалиев.

- Марлен мырза, төртүнчү төңкөрүш болот деп кулак-кагыш кыла башташты. Эгер чындап төңкөрүш боло турган болсо, Кыргызстан артка кетеби же өнүгөбү?

- Эгер чындап 4-төңкөрүш боло турган болсо, бизди дагы 10 жыл артка ыргытат. Ошон үчүн 4-төңкөрүшкө жол бербей шайлоону таза өткөзүп, мамлекетти оңдоп өнүктүрүүнү колго алышыбыз керек. Жаңы эле инвесторлор келип баштаганда алардын  баарын үркүтпөй, экономиканы көтөрүү менен алек болуп кетсек жакшы болот эле. Ал үчүн шайлоону таза өткөзүшүбүз керек.

- Шайлоо таза өтүш үчүн акча менен мандат алууну каалагандарды  жазалаш керекпи же алгандарга да чара көрүш керекпи?

- Шайлоо таза өтүш үчүн акча алганды да, бергенди да чогуу жазалаш керек деп ойлойм. Ошондо гана мыйзам бузуу, добуш сатып алууга окшогон нерселер жоголот эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости