www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи май райондук соту Темир Сариевдин баш коргоо чарасын карады. Темир Сариев күнөөсү болгондуктан дагы эки айга 30-ноябрга чейин камакта калтырылды. Кумтөр темасына кызыккандар, “Кумтөр Оперейтинг Компанинин ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын отчету…” деген көлөмдүү документти окуп чыкса болот.

2012-жылы Темир Сариев жетектеген комиссия канадалыктарга көз каранды болуш үчүн көп иштерди жасаган. Комиссия кенди иштетүүнүн бардык мезгилинде Кыргыз Республикасы ар бир жаңы келишим менен өз позициясынан баш тартканын туура аныктаган.

Өзгөчө Данияр Үсөнов кол койгон 2009-жылкы келишим адам өлтүрүүчүлүк менен жасалган. Комиссия келишимдин шарттарын кайра карап чыгуу боюнча акылга сыярлык сунуштарды берсе болмок, ал эмес канадалыктар менен түзүлгөн бардык келишимдерди бузуш керек эле. Арийне, май талканга магдыраган Темир Сариев булганыч колдору менен кыргыздардын мөңгүлөрүн талкалоого шарт түзүп берген.

Азыркы бийлик туура жол менен канадалыктар «хай-хайлап» жаткан жыргалчылыкка бутун тосту. Негизи азыркы өкмөт көпчүлүк элдин бардык сунуштарын дээрлик аткарды. Айтмакчы, азыркы өкмөт эл аралык соттордо утулуп калса, Кыргыз Республикасы үчүн тобокелчиликтерди жана кесепеттерин кыраакы сүрөттөп берди. Темир Сариев ошондо эле ушундай кадамга барганда мамлекеттин бутунан туруп кетишине жакшы жөрөлгө болмок.

Темир Сариев тарабынан айлана – чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн жылдык төлөмдүн өлчөмү аз көрсөтүлгөн. Эч кандай мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбеген бааны канадалыктарга төлөгөн.

2012-жылы Мамлекеттик комиссия Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына: А.Акаев, Т.Чыңгышева, Д.Сарыгулова, А. Жумагулова, Б.Силаев, К.Кудайбергенов, А.Жакыпов, Н.Танаев, И.Чудинов, Д.Үсөнов, К.Курманалиев сыяктуу ошондой эле башка тиешелүү официалдуу адамдарды жазалоо тууралуу беримиш болгону менен эч натыйжа чыккан эмес.

Андан көрө юридикалык баа берүү жана “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруу учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларын бузууга жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына зыян келтирүүгө күнөөлүү адамдардын жоопкерчилик чарасын баса белгилеп, чараларды көрсө болмок.

2013-жылдын 21-февралында Кумтөр долбоорун ишке ашырууда Жогорку Кеңеш Комиссиянын корутундулары менен толук макул болуп, чечим чыгарган. Ошону менен Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн талкалоого жол ачылган.

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости