www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нуржан Шайлдабекова:

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Жогорку Кеңеште шайлоого карата даярдык боюнча маалымат берип жатып өзгөртүү боюнча мындай түшүндүрмө берди.

--“Ош облусу боюнча талкуу көп болду. Жыйынтыгында бир вариантын көпчүлүк добуш менен кабыл алып, ал 10-сентябрда Эркин-Тоо газетасына жарыялаган. Бирок 15-сентябрга чейин талаш-тартыш токтобой койду. Жыйынтыгында жумушчу топ башка вариант сунуштап, аны БШК мүчөлөрү колдоп берди. Биз идеалдуу вариант тапкан жокпуз. Аны моюнума алам. Бирок азыркы вариантты жергиликтүү бийлик өкүлдөрү колдоп жатат”, - дейт ал. 

Талаш жараткан Ош шаары жана Ош облусу 900 миңдей шайлоочусу менен 9 округга бөлүнгөн. Алар: Көк-Жар, Ноокат, Араван, Ош, Төлөйкөн, Кара-Суу, Куршаб жана Алай менен Өзгөн шайлоо округдары.

Алардын чек араларын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы жумушчу топ жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен даярдаган. БШКнын мүчөлөрү добуш берүү жолу менен бекиткен эле. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров токтомду өзгөртүү мыйзамсыз болгонун айтып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости