www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бейшеналиев мындан кийин операция кылып баштаарын айтты

Кыргыз-түрк достугунун Бишкек мамлекеттик ооруканасында азыртан эле кабыл алуу жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда "Биринчи радионун" эфиринде Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, бөлүмгө чет өлкөдө дарыланууну каалаган бейтаптардан миңге жакын арыз түшкөн.

"Бул операциялар кымбатка турат. Биз Түркия жана Россия менен мурда сүйлөшкөнбүз. Бирок башка чоң өлкөлөрдө ошол эле аппараттар дагы кыргыз-түрк достугунун ооруканасында бар. 20 күн бою кезекте тургандар, тагыраагы чет өлкөдөн дарыланууга муктаж болгондордун баары медициналык текшерүүдөн өтүштү. Жакынкы күндөрү операциялар башталат", - деди Бейшеналиев.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы аларга хирург катары катышарын кошумчалады.

"Биздин кадимки медициналык мекемелерде жасалбаган операциялар болот. Жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптарга талап кылынган стенттер азыркыдай 1,5-3 миң доллар эмес, 400-500 доллар болот. Биз буга чейин түрк тарап менен макулдашып, аны талкуулаганбыз", - деп жыйынтыктады Бейшеналиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости