www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Арам акчаларын чачып, Жогорку Кеңешке өтүп жана бийликтин майлуу креслолоруна отуруп көргөндөр таза шайлоону каалашпайт», - деди бүгүн, 24-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Эсенгул Исаков.

- Эсенгул агай, шайлоонун шарапаты менен бийлик алмаштырып көнүп калгандар неге таза шайлоодон шек санап жатышат?

- 1995-жылдан бери эркин шайлоолор өтүп баштагандан баштап бийликтегилер жана акчалуулар ар шайлоо сайын арам акчаларын чачып, Жогорку Кеңешке өтүп жана бийликтин майлуу креслолоруна отуруп көргөндөр таза шайлоону каалашпайт.

Алар көнгөн адат калабы уйга жүгөн салабы дегендей эски оорусу кармап, кандай ыкма менен болсо да бийликке келүүнү көздөшөт. Элдин өмүрү аларга беш тыйын.

Ошондуктан, мамлекетке кызматын жана саясатты пайдаланып зыян келтиргендерди люстрация жолу менен тазалоо керек. Ошондо башкаларга сабак болуп, таза муун өсөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости