www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индиялык астролог Абигья Ананд өзүнүн YouTube каналына 2023-жылдын кандай болоорун божомолдогон роликти чыгарды. Анын айтымында быйылкы жылы дүйнө жүзү боюнча коомдук саясый катаклизмдерге эми экологиялык көйгөйлөр кошулат экен.
“Буга биз эмитеден эле ишене берсек болчудай. Биздин мезгилде адамзат тарыхында болуп көрбөгөндөй кургакчылыкты көрүп калышыбыз мүмкүн. Дүйнө жүзү боюнча суунун деңгээли түшүп жатат. Суунун тереңинде жайгашкан өткөн доорлордун эстеликтери ачыкка чыгып жатат. Мындай белгилерди билгендер бул жакшылыкка алып келбесин туюп турушат” - деди Абигья.
Астрологдун айтымында Марс Жер планетасын кургатып жатат. Батыш өлкөлөрү үчүн эң кооптуу мезгил келе жатат. Жылдыздардын жайгашуусунан белгилүү болгондой келе жаткан 20 жыл аралыгында аталган аймак болуп көрбөгөндөй азык-түлүк кризисине кабылат. Эгерде мүмкүнчүлүк болсо адамдар чоң-чоң шаарлардан айылдарга кетишип, өздөрүнүн азык-түлүктөрүн айыл-чарбаларында камдап алышкандары туура, деп кеңеш берет Ананд.
2023-жылы кургакчылык Жер планетасынын көптөгөн аймактарын каптайт. Көптөгөн аймактарда иче турган таза суу эң кымбат затка айланат. Белгилүү болгондой Калифорния штатынын бийлиги түштүк аймактарындагы кургакчылык боюнча өзгөчө кырдаал жарыялады. Бул АКШнын Лос-Анджелес, Сан-Диего сыяктуу ири шаарларын өз ичине камтыды.
Экологиялык кыйроонун кульминациясы 2040-жылга туура келет. Анткени Марс жана Сатурн планеталарынын өз ара аракеттенүүсү ушул жылга туш келип, жыйынтыгында буга чейин жер жүзүндө болуп көрбөгөндөй ачарчылык каптайт.
Экологиялык көйгөйлөрдөн тышкары быйылкы жылы чындык менен жалгандын ортосундагы таймаш глобалдык процесс катары күч алат.
«Фейктер менен жалган маалыматтар көчкүдөй эле кулап түшөт. Бирок адамдарга чындык ачылат. Көптөгөн коомдор, уюмдар, бирикмелер жана альянстар өздөрүнүн ишмердигин токтотконго мажбур болушат, себеби алар калпка негизделгени ачыкка чыгат. Тескери иштеген майда толкундардын баары акырындап талкаланып жок болот», - деп түшүндүрөт ааламды таң калтырып жаткан автролог Абигья Аланд.
Эске сала кетсек, 2020-жылдагы коронавирус пандемиясы индиялык көзү ачык Абигья Ананд аттуу өспүрүмдү Ааламга тааныткан. Көрсө мындай апаат болоорун ал 2019-жылы эле так, даана айтып койгон экен.
2019-жылы «коронавирус» деген терминди вирусологдор гана билчү Ошол эле жылы индиялык өспүрүм өзүнүн Yuotube каналында коомду шок абалга алып келгендей бул окуянын келечегин жарыялаган. Бирок, ал учурда ага эч ким көңүл бурган эмес. Бирок 2020-жылы жаш астрологдун айткандарынын ар бир окуясы дал келген. Ааламды каптаган алаамат мурда белгисиз болгондуктан медицина алсыз болуп чыкты.
Негизи бул индиялык астролог Абигья Ананд ким өзү?
Абигья Ананддын социалдык баракчасында дүйнө жүзү боюнча миллиондон ашуун катталуучусу болсо да ал жөнүндө аз билишчү. Пандемия туурасында айткан кезинде жаш астролог 14 жашта эле, демек, 2023-жылы 18 жашка чыгып отурат. Бирок курагынан жаш көрүнөт.
Мурда белгисиз бул жигит өзүнүн өтө эле жаш экендигине карабастан жетишээрлик тажрыйбалуу. Ал планеталардын жайгашкан ордунун эсебин чыгарып, бири-бирине болгон таасири аркылуу классикалык астрологиянын алкагында боло турган окуяларды алдын-ала таамай айта алат.
Коронавирус пандемиясы туурасындагы окуяларды айтаар замат Абигья Ананд айылга көчүп кетет. Мезгил-мезгили менен өзүнүн социалдык тармактагы каналы аркылуу сенсациялуу болумуштарды айтып турганы менен калган убактысында өтө жөнөкөй жашоо кечирет.
Булак: NazarNews.kg