www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камактагы журналист Куттумидин Базаркулов бийликке нааразычылыгын билдирип, Кайрылуу жасады.

Төмөндө Куттумидин Базаркуловдун кайрылуусу өзгөртүүсүз берилди:

Урматтуу Кыргызстандык мекендештерим! Калайык калкым!

Балык башынан сасыйт. Бүгүнкү күнү биздин өлкө жалган жалаа жапкан, кудайды каратып туруп калпты караандай айткан мамлекет башында жашап калдык. Заманды ушуга алып келишти.

Заманың менен куркур... Анын запкысын учурда, мен дагы көрүп жатам. Алты айга карады, эркиндигим тушалып туткунда турам. Жети жыл мурунку мамлекеттик ишмердигимди аңдып чыгышып, ага адамчылык жол менен соттолгон Хамданов аттуу аудитти камактан бошото коюушуп, жалдап, 2015-жылдагы тендерден өткөн видеотехникалар келбей калган деп күнөө коюушту.

Мунун баары жалган, калп, жети жыл мурун мен иштеген Жалал-Абад областтык телевидениясына 5 млн 714миң сомдук видеотехника толугу менен келип, бугалтердик баланстан өткөн. Алдамчы Хамдановдун жалган актысы жараксыз. Ал бирөөнүн буйругун аткарган. Бул саясий куугунтук.

Биринчиден тендерге тендердик комиссия катышса, келген техниканы да комиссия кабыл алган. Ал техникалар бүгүнкү күнгө чейин иштеп жатат. Бардык документтер ордунда. Бетке айткан кептин заары жок.

Мен учурдагы бийликтин кетирген кемчиликтерин келтирип айтканым үчүн, заарын чачып турган кези. 2021-жылдын январь айындагы Президенттик шайлоого талапкерлигимди койгондон баштап, мага болгон каралоолор башталган. Ак ийилет, бирок сындайт. Бирок бул бийлик өмүрүмдү кыйып койгондон да баш тартпайт өңдөнөт. Ага көзүм жетти.

Эгерде кокусунан көзүм жумулуп кетсе, кокустуктан эмес, бийлик башындагы эки адамдан көргүлө! Абирийсиздер мени өлтүрүп коюушу мүмкүн, бирок алар дагы акыреттикке, абийирдүү өлүмдүн алдына барышат. Өлбөгөн ким калыптыр баары өлөт. Өлгөндүн артынан, өлтүргөндөр да ээрчишип барат.

Азыр тойбогондор, топуракка гана тоёт. "Бирөө" айтты эле: "мен көргөн кайгы запкымды ашыгы менен эмес ошончолук көрсөтчүлөргө көрсөтөм, бул хадисте ушундай жазылган", - деп. Бул биринчиден хадисте андай кекчилдик-өч алуу жазылган эмес.

Мен айтаар элем, көргөн кайгы-запкымды душманыма да каалабайм. Колума калем алып камакта жаздым.

Эске салсак, Куттумидин Базаркулов 2021-жылдын 15-декабрында камакка алынган.

Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери Куттумидин Базаркуловду 27-ноябрда Жалал-Абаддагы үйүнөн кармап кетишкен. 28-ноябрда Жалал-Абад шаардык соту аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

УКМК ошол кезде Базаркуловду "Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен айыптаган.

Куттумидин Базаркулов Жалал-Абад облустук телерадиоканалын 2010-2016-жылдары жетектеген. 2021-жылы 10-январда өткөн президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, кайра баш тарткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости