www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Джо Байден орус президенти Владимир Путиндин Украинадагы жаңжалдан «учурда чыгуунун жолу жок» деп эсептейт. Бул тууралуу ал Демократиялык партиянын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.

Кошмо Штаттардын президенти Путин Орусиянын Украинадагы аскерий аракеттери НАТО менен Евробиримдикти жок кылат дегенин жаңылыштык деп эсептейт. Байден анын ордуна АКШ жана башка көптөгөн өлкөлөр Киев тарапта болгонун белгиледи.

Байдендин айтымында, Путин абдан «так адам» жана ал азыр тынчсызданып жаткан көйгөй - бул орус лидеринин «азыр тандоосу жок жана мен бул боюнча эмне кыла аларыбызды аныктоого аракет кылып жатам», - деди Байден.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости