www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алай районунда селдин кесепеттери толугу менен жоюлду

Алай районунда селдин кесепеттери толугу менен жоюлду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 3-майда Алай районуна караштуу Корул, Жошолу, Коңур-Дөбө жана Гүлчө айыл өкмөттөрүндө нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордо сел жүргөн.

Селдин кесепетинен жалпы район боюнча 294 турак үйдүн короолорун, анын ичинен 49 турак үйдүн жана 1 орто мектептин жер төлөөсүн, 3 турак үйдүн ичин, 1 ФАПтын жана 1 китепкананын короосун суу каптаган.

Жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу үчүн сел каптаган ар бир айылга райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн техникалар жана күч тартылган.

Алардын жардамы менен Корул айыл аймагына караштуу Кең-Жылга айылындагы 264 куб метр сел калдыктары тазаланды. Ушул эле аймакка тиешелүү Нооруз тилкесиндеги 80 метр сайдын нугу бурулду.

Ал эми Гүлчө айыл өкмөтүндөгү Курманжан Датка айылында 180 метр сайдын нугу тазаланып, 1890 куб метр жумуш аткарылды.

Учурда Алай районуна караштуу селден жабыркаган айылдардагы турак үйлөр, короолор жана социалдык объекттер сел калдыктарынан толук тазаланып бүттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости