www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Германиядан учуп келип, кызматына киришти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Анын өлкөгө качан учуп келгени айтылган жок, бирок аппараттык жыйын өткөрүүгө жетишкени белгилүү болду.

Эске салсак, Акылбек Жапаров 28-апрелде эртең менен жүрөгү ооруп, кан басымы төмөндөп кеткендиктен, Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө андан жүрөк-кан тамыр спазмы аныкталганы айтылган.

Ал эми 29-октябрда кыргыз-казак өкмөт аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн, Жапаров ооруканадан убактылуу чыккан жана майдын башында медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн Германияга учуп кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости