www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Кытайда асман кан-кызыл түскө боёлду

Кан-кызыл асман Кытайдын Чжоушань шаарынын тургундарын дүрбөлөңгө салды. Муну кээ бир жарандар апокалипсис башталды деп айта баштаган.

Үрөй учурган учурду күбөлөр сүрөткө жана видеого тартып алган. Бул көрүнүш тез эле кытайлык социалдык тармактарда эң кызуу талкууланган темалардын бирине айланды.

Адегенде адамдар асмандын адаттан тыш түсүнө от себеп болушу мүмкүн деп ойлогон.

Жергиликтүү метеорологиялык кызматтын маалыматы боюнча, асмандын кызыл түскө боёлушуна жарык нурларынын бурулушу себеп болгон. Кыязы, бул жарыктын булагы жакын жердеги порттогу кемелердин чырактары болгон, деп жазат Global Times эксперттерге шилтеме жасап.

"Жакшы аба ырайында атмосферадагы көбүрөөк суу балык уулоочу кайыктардын жарык нурларын буруп-чачыратып, адамдар көргөн кызыл асманды жараткан аэрозолдорду пайда кылат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, видео тартылган учурда шаардын үстүндө туман пайда болуп, жарык нурларынын сынуусуна жана чачырашына алып келген.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости