www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Кундуз Сулайманов билим берүү жана илим министрине Токтогул районундагы профессионалдык лицейдин директорунун жардамчысын дайындоону сунуштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында аталган бөлүмдүн башчысы Алмазбек Бейшеналиев билдирди.
Жыйында Кундуз Сулайманов аткаминерди сынга алып, ал буга чейин министр болуп иштеп, билим берүү тармагын реформалай албай жатканын айтты.
«Мындай адам беш жыл, беш мүнөт иштебеши керек», - деп кошумчалады эл өкүлү.
«Сиз менден Айжан Үсөнкановнаны лицейге директор кылып дайындоону сурангансыз. Ал квалификациялык талаптарга жооп берген эмес, мен баш тарттым. Ал сиздин жардамчыңыз болчу. Ошондон кийин мени каралай баштадыңыз»,- деп жооп кайтарды Алмазбек Бейшеналиев.
Булак: NazarNews.kg