www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вьетнамдык  Тонг Фуок Фук боорукерлигин жасаган иши менен далилдеген. Окуя мындайча болгон. Ал 2011-жылы кош бойлуу аялы менен кошо доктурга барып калат. Оорукананын коридорунда кезек күтүп отуруп, боюнда бар аялдар доктурга кирип, бир канча мүнөт өткөн соң ыйлап чыгып жаткандарын көрүп, “Адамдар өз балдарын өлтүргөнгө кантип дити барат?! Жок дегенде боюнан алдыргандан кийин адамча жерге берсе болбойбу?!” деп, бир эсе таң калса, бир эсе жини келет.

Бул окуя ага чоң сабак болот. Ал ошондон көп өтпөй өзүнүн акчасына Хон Том тоосунан жер сатып алып, тийиштүү жерден уруксат кагазын алган соң, бир жылдын ичинде аборт болгон 10 миңдей ымыркайды көмөт.

Анын максаты – абортту кескин азайтуу болгон. Анткени, бул мүрзөнү көргөн кош бойлуу аялдар, боюнан алдырбай калышат деп ойлогон. Бактыга жараша анын максаты орундалган. Көп өтпөй материалдык да, моралдык да жактан даяр эмес экендигин билдирген кош бойлуу келин Тонгго кайрылган. Ал эми Тонг анын аборт жасатпоосун өтүнүп, ымыркайды төрөлгөндөн тарта өзү багып алаарына ишендирген.

Жыйынтыгында ал атайы үй куруп, 100дөй ымыркайды багып алган. Ошондой эле Тонг балдардын ата-энеси кайра келсе, аларга өз балдарын берээрин да кошумчалаган.

Булак: "gezit.kg"

Последние новости