www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

—Абтандил мырза, өткөн жумада улуттук курама команданын оюнчулары Кыргызстандын улуттук  курама командасынын президенти Анвар Оморкановду федерациянын ишин бизнесге айлантып, өзүм билемдик кылып жатканын ачык айтып, президентке чейин кайрылуу жасашты.  Бул маселе боюнча мен сизге бекеринен суроо узатканым жок. Анткени сиз узак жылдан бери, кыргыз хоккейинин өнүгүшүнө чоӊ салым кошуп келаткан инсандардын бирисиз. Кыргыз хоккейинин күнгөй-тескейин жакшы билесиз. Ушул маселе боюнча кененирээк кеп кылсак…

Жалпыга маалым болгондой, кыргыз хоккейин эгемендүүлүк жылдардан бери карай алсак, Жумгал районунан башталып, ошол райондо өнүгө баштаган.   Биз жигит курак кезде,  тагыраагы 1975-жылдары  эле Жумгалдын Чаегинде Шортон деген кичинекей көлмөнүн үстүндө хоккей оюну кызуу ойнолчу.  Кийин  биз эгемендүүлүк алган жылдардын башында, жаӊылбасам  1995-жылдары Ооган согушунда курман болгондордун жаркын элесине багыштап өткөрө баштаганбыз.  2002-жылдары Жогорку Кеӊештин эки жолку депутаты болгон маркум Эркинбек Матыевдин жаркын элесине арналып да, бир топ жыл турнирлер өттү. Ал кезде азыркыдай атайын хоккейдин  заманбап аянты жок эле. Жогоруда айткандай “Шортондун” үстүндө эле ойнолчу. Хоккей аянтынын бортторун карды үйүп жасап, үстүнө суу куюп тоӊдуруп дегендей. Ошол учурда биз хоккей федерациясын түзөбүз дебей эле, алгач  ушул оюндун өнүгүшүнө басым жасап жүрдүк да. 2010-жылдан кийин гана Чаектин ичине ошол кездеги аким Адылгазы Исагуловдун учурунда биз сүйлөшүп, 1 миллион сом чогултуп, заманбап хоккей аянтын жасаганбыз. Андан бери 10 жылга жакын убакыттын ичинде Жумгалдын 5-6 айыл өкмөтүнө заманбап хоккей аянттары курулду. Азыркы аким Адыл Сапаров да хоккейди өнүктүрүүгө жакшы салым кошуп жатат. Жалпы эл билгендей акыркы 10-15-жылдан бери Жумгал республикалык ачык турнири  үзгүлтүксүз өтүп келатат. Ал турнирге республика боюнча 10дон ашуун команда келип катышып, оюндарды жогорку деӊгээлде көрсөтүшөт. Биз болсо ал турнирдин негизги демөөрчүсү болуп, болгон жардамыбызды берип келатабыз.

—Сизде хоккейге болгон кызыгуу мынчалык күч болбосо ушунча жылдан бери демөөрчү болуп, ошончо каражатыӊызды колдобойт элеӊиз да… Бала кезде да көп ойносоӊуз керек?

-Туура. Мен өзүм ушул оюнду жакшы көрөм. Анткени, бул оюн чыныгы эр жүрөк эркектердин оюну. Эмнеге дегенде хоккей – бул спорттун эӊ кооптуу түрүнө кирет эмеспи. Бала кезде ийри чыбыкты клюшка кылып, кичинекей топту шайба кылып далай ойнодук. Кийин муз үстүндө профессионалдык оюнда ойногонум жок.  Бирок футбол, волейбол оюндарын көп ойноп, орточо ийгиликтерге жетиштим. Кийин колдон келген учурда хоккейди эле колдобостон 1999-2010-жылдардын аралыгында мен Жумгалдагы 29 орто мектептин ортосунда спартакиада өткөзүп турдум. Ал спартакиада да  миӊге жакын окуучулар волейбол, футбол  ж.б. оюндарын ойноп, спортко болгон кызыгуусун күчөтүштү. Ошончо окуучуларга кеткен чыгымдын баарын өзүм көтөрүп, жакшынакай байгелерди берип, аларга  жакшы бир үлгү көрсөткөнгө аракет кылып жүрдүк. Хоккей оюну Жумгалда башталып, Жумгалдан бутка тургандыктан азыр хоккейдин мекени Жумгал деп айтып калышпадыбы. Анткени,  бир топ жылдардан бери Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасындагы оюнчулардын 70-80 пайызы жумгалдык жигиттер. Чынында хоккейдин өнүгүшүнө салым кошуп жатышкан көптөгөн инсандар бар, аларды да айтып турбасак болбойт.

Менин баамымда  биздин хоккейчилер физикалык жактан күчтүү. Болгону азырынча тактика,  техника бир аз жетишпей турат.  Кудай буйруса, жакынкы жылдары  биздин жигиттер НХЛде, Американын, Канаданын командаларында ойноп калышат деген ишенимим бар. Ылайым ошондой эле болсун. Хоккейчилерге  мен чоӊ-чоӊ ийгиликтерди каалайм!

—Жогоруда айтылган хоккей федерациясындагы талаш-тартышты, Оморкановдун өзүм билемдигин сиз кандай баалап жатасыз?

—Мен хоккейчилерди жөндөн-жөн эле чыгып, ушундай маалыматтарды таратып, президентке, бизге чейин кайрылып жатат деп эсептебейм. Демек, алардын федерациянын жетекчилигине болгон таарынчытары бар. Жаштар иштери, дене-тарбия, спорт комитетинин жетекчилиги бул талаш-тартыш боюнча  маалыматты бериши керек. Хоккейге, жеке эле хоккей эмес жалпы спорт оюндарына жылына канча каражат сарпталып жатканын өздөрүнүн сайтына жарыялап коюшу керек. Ошондо ачыктык болот. Мен билгенден,  хоккейчилер федерация тараптан айлык дагы, форма да албайт экен. Анан калса, акыркы жылдары кыргыз жигиттерди бир аз алыстатып, Россиядан, Казакстандан оюнчуларды көп алып келишип, аларга  кыска убакыттын ичинде кыргыз паспортун жасатып берип, биздин улуттук курама командагы киргизип ойнотуп жатышат. Аларга акча төлөп, кыргыз жигиттерге акча төлөбөсө бул жагы да калыстык болбойт да.  Эми ошонун баары кандайча болуп жатат, бул жерде мыйзам бузуу жокпу, айтор баардыгы ачык айтылышы зарыл деп эсептейм. Кыскасы, мунун баары талапка ылайык териштирилиши керек, - дейт депутат Абтандил Кулбараков "Багыт.kg" гезитине берген маегинде. 

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости