www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 28-февраль күнү Жалал-Абад ОИИБнин Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын опер кызматкери тарабынан маалымат алынып, андагы маалыматта белгисиз жаран контрабандалык жол менен коңшу Өзбекстан мамлекетине жүк өткөрүү максатында чек арага жакын аймакта тургандыгы билдирилген. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган маалыматтын негизинде 2020-жылдын 28-февраль күнү Аксы районунун Өзбекстан менен чектешкен аймагында Аксы районунун тургуну 1990-ж.т. Б.А. кармалып, ак түстөгү “Хундай Портер” үлгүсүндөгү автоунаасындагы бир нече коробкалар далил буюм катары алынган.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар Аксы РИИБнин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 223-беренеси (Экономикалык контрабанда) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Аталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча Б.А.нын автоунаасы Аксы РИИБнин короосуна киргизилип, төмөнкү буюмдар алынган:

- Бишкек коньягы - 0.5 л. 7 даана
- С серебром арагы - 1 л. 9 даана
- С серебром арагы - 0.5 л. 46 даана
- Градусник арагы - 0.5 л. 49 даана
- 113 коробка конфет
- 1150 даана ДБК үлгүсүндөгү оюн карталары.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости