www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия өлкөлдөрү боюнча аймактык директору Лилия Бурунчукту кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин башчысы Болормаа Амгаабазар дагы катышты.

Кыргызстандын Дүйнөлүк банк менен кызматташтыгынын актуалдуу багыттары жана келечеги боюнча пикир алышуу болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан үчүн стратегиялык максаттар менен алдыдагы реформаларды ишке ашырууда өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу абдан маанилүү экенин билдирди.

Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук 2019-2022-жылдарга карата өнөктөштүк боюнча рамкалык программанын алкагында Кыргызстан менен кызматташуу улана тургандыгын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости