www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токиодо жайкы Олимпиада оюндары 24-июлдан 9-август аралыгында өтөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Эл аралык Олимпиада комитетинин аткаруу комитети, коронавирус коркунучун талкуулагандан кийин ушундай чечим кабыл алган. Анда комитет спортчуларды мелдешке даярданууга үндөп, Олимпиада оюндары 24-июлдан 9-август аралыгында өтөөрүн билдирген.

Мындан тышкары Япон бийлиги Олимпиада оюндарына 12 миллиард доллар жумшалгандыгын жана мамлекети үчүн эч кандай коркунуч жок экендигин бир нече жолу билдирген.

Белгилей кетсек, келишим боюнча Токио Олимпиаданы жылдын соңуна чейин жылдырууга укугу бар. Бирок оюнду өткөрбөй коюу чечимин Эл аралык Олимпиада комитети гана кабыл алат. Коронавируска байланыштуу айрым спорттук мелдештер өтпөй же көрүүчүлөрсүз өткөндөн кийин Олимпиаданын болор-болбосу суроо жарата баштаган.

Эске сала кетсек, Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган.
Өпкөнүн сезгенишине алып келген коронавирус 3 айдын ичинде эле 70 мамлекетке тарап, 3116 адамдын өмүрүн алса, 90 миңден ашык адамга вирус жуккан. 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости