www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Advance Academy" долбоорунун жетекчиси Алмаз Арапов Фейсбуктагы өздүк баракчасына Кыргызстандагы билим берүү, Информатика жана Нано технология жана туризм тармактары боюнча пикирин жазып чыкты.

"Эмнегедир акыркы убактарда өлкөбүздүн келечеги көп ойлондурчу болду. Балким бул нерсеге мамлекетибиздин тунгуюкка баратканын арбир кыргыз жараны көрүп жана сезипда эчтеке кылбай же кылалбай жатканыбыздадыр. Канчалык бийликтегилер күнөөлүү болсо дагы, эл өзүбүз өзгөрүп жаңыча ойлонуп жаңыланбасак мамлекеттин алдыга жылуусу өтө кыйын. Себеби биздин эң негизги проблемаларыбыз бул бөлүнүп жарылуу, бири-бирибизди көрө албастыгыбыз, ичи тардыгыбыз, тууганчылдыгыбыз, жаңыча ойлоно албагандыгыбыз, билимсиздигибиз, сабатсыздыгыбыз жана дагы башка көптөгөн нерселер. Биз качан ушул жаман сапаттардан арылсак өнүгүү ошончолук бат болот.

Негизи менин жеке пикиримде Кыргызстан 3 багытка көбүрөөк көңүл буруп басым жасасак анда өнүгүү жакшы болмок:
1-Билим берүү тармагы. Себеби бардык нерсенин өзөгүндө билим турат. Билимсиз эч бир тармак өнүкпөйт. Мисалы изилдөө борборлору, университеттер (технологияга көбүрөөк басым жасаган), жана ...
2-Информатика жана Нано технология тармагы. Мисалы азыркы учурда Украина IT сервис экспортоо менен жылына 4.5 миллиард доллар киреше табат. Бул биздин азыркы тышкы карызды жабат.
3-Туризм тармагы. Акыркы жылдары өлкөбүз туризм тармагында барылатурган өлкөлөр арасында алдынкы 10 өлкөсүндө баратат. Канчалык сервис жана шарттарыбыз жакшы болбосо дагы. Мисалы жакында эле Кыргызстанга барып келген бир немис таанышым айтат. Өзү Мунхен шаарынан болот. Мунхенге жылына 10 миллион турист келем дейт. Силердин өлкөңөр өтө кооз жана сонун. Эгерде жакшы шарттарды түзүп, сервисти жакшыртып рекламаны жакшы кылсаңар силерге 100 миллиондогон туристер келет дейт. Маалыматтарга таянсак Германиядан келген эң эле жөнөкөй студент турист жок дегенде Кыргызстанга келгенде 1200 эвро акча коротот экен. Эми 100 миллион туристен жок дегенде эле 1000$ калса канча киреше.

Уландысы эмки санда...." - дейт Алмаз Арапов.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости