www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 7-апрелде Абу-Дабиде Түркия менен Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) ортосундагы Африка боюнча кеңешмелердин экинчи айлампасы өткөрүлөт.  Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министрлиги жолугушуу болорун ырастады.

Кеңешмеге Түркиянын атынан тышкы иштер министринин орун басары Бурханеттин Дуран жана БАЭнин атынан тышкы иштер боюнча мамлекеттик министр Шахбут бин Нахайан Аль Нахайян төрагалык кылат.

Жолугушууларда Африкадагы акыркы окуялар, ошондой эле континенттеги мүмкүн болгон кызматташтык тармактары, өзгөчө экономика жана инвестициялар бааланат.

Африка боюнча үзгүлтүксүз кеңешмелерди өткөрүү чечими президент Режеп Таййип Эрдогандын 2022-жылдын февраль айында БАЭге жасаган сапары учурундагы эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда кабыл алынган.

Бул чечимге ылайык Түркия менен БАЭнин ортосундагы биринчи Африка кеңешме жыйыны 2023-жылдын 10-октябрында Анкарада өткөрүлгөн.

Последние новости