www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШдагы республиканчылардын дээрлик 80% Украинага каржылык жардам көрсөтүүгө каршы экенин Wall Street Journal басылмасынын сурамжылоосу көрсөттү.

"Жаңы сурамжылоого ылайык... демократтардын 83% АКШнын Украинага Орусиядан коргонуу үчүн каржылык жардамын улантууну колдошсо, республиканчылардын 79% буга каршы чыгышкан", – деп жазат гезит.

Мындан тышкары, америкалык шайлоочулардын 62% АКШнын аймагын Гренландия жана Канаданы кошуу менен кеңейтүү идеясын жаман ой деп эсептешет. Бул сунушту болгону 25% гана колдошкон, ал эми калган 13% жоопту билбей турганын же суроого такыр жооп берүүдөн баш тартканын билдиришкен.

Ошол эле учурда, республиканчылардын жарымынан көбү (51%) АКШнын президенти Дональд Трамптын аймактык кеңейүү тууралуу билдирүүлөрүн колдошкон.

Мындан сырткары, басылма америкалык шайлоочулардын НАТОго болгон мамилесин да иликтеген. Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, демократтардын 81% НАТОго оң баа беришкен, ал эми республиканчылардын арасында бул көрсөткүч болгону 31% түзгөн.

Сурамжылоо 27-марттан 1-апрелге чейин 1,5 миң катталган шайлоочунун арасында жүргүзүлгөн. Статистикалык ката +/- 2,5 пайыздык пунктту түзгөн.

Последние новости