www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев 22-майда «Centerra Gold Inc.» компаниясынын директору Скот Перри менен жолукту. Анда 2017-жылы 11-сентябрда кол коюлган Стратегиялык макулдашуу боюнча сөз болгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Өкмөт башчы "Центерранын" жетекчисине Кумтөр долбоору болгону үчүн «Centerra Gold Inc.» дүйнөдөгү ири кен иштетүүчү ишканалардын катарына кирип жатканын эскертти.

- Өкмөт "Кумтөр" долбоорунун өлкөнүн экономикасындагы маанисин терең түшүнөт. Ошондой эле бул долбоор коомчулуктун көңүл борборунда турарын эске алсак, тараптар жүргүзгөн бардык сүйлөшүүлөр жана кабыл алган чечимдер коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн ачык болууга тийиш. Ошондуктан, биз "Центтерранын" жетекчилиги тарабынан "Кумтөр" долбоорун ачык башкаруу системасын түзүү үчүн жасаган бардык аракеттерин колдойбуз. Айлана-чөйрөнү коргоо жана социалдык өнөктөштүк маселелеринде да өнүгүү зарылчылыгы бар, -деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

"Центерранын" башчысы Скот Перри ишкана менен кыргыз өкмөтүнүн позициясын жакындатуу үчүн болгон күчүн жумшоого убада берди.

2017-жылдын 11-сентябрында өкмөт менен "Центерра Голд" компаниясынын ортосунда Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимге кол коюлган. Ага ылайык “Кумтөр” компаниясы “Калыбына келтирүү фондуна” жыл сайын 6 млн. доллар бөлүп турат. Келишим боюнча бул каражаттын минималдуу көлөмү 69 млн. долларга жетиши керек жана келечекте акча Англиядагы банктан Кыргызстанга которулууга тийиш. Бирок бул келишимге коомчулукта нааразылыктар болуп, ага кол койгон мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушу айтылган.

Бул аралыкта Кумтөр алтын кенин сатып алууга кызыкдарлыгын Лондондо катталган “Чаарат Голд” компаниясы (Chaarat Gold Holdings Limited) компаниясы билдирип, алар сунуш кылган шарт Кыргызстан үчүн жагымдуу экенин жарыялаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости