www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын саясий турмушундагы окуялар III Көчмөндөр оюндарын өткөрүү сапатына таасирин тийгизбеши керек. Мындай талап бүгүн өкмөттө өткөн жыйында коюлду. Бул тууралуу Азаттык билдирди.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул иш-чарага даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Ал ар бир мамлекеттик орган жана жергиликтүү бийлик оюндарды “уюштуруунун эң жогорку деңгээлинде” өткөрүүгө салымын кошуусу зарыл экенин белгилди.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандын бюджетинен 316 млн сом жумшалары 17-апрелде парламентте айтылган.
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков кызматтан алынгандан кийин оюндарды буга чейинкидей эки жылда бир эмес, ар төрт жыл сайын өткөрүп турса туура болот деген пикирлер айтылган. Ал эми Жогорку Кеңеште өкмөт адегенде Балыкчы-Корумду жолун оңдоп бүтүшү керек дешкен.
Көчмөндөр оюндары алгач 2014-жылы, экинчи жолу 2016-жылы өткөн. Ысык-Көлдө Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 2-8-сентябрда болот.
Булак: NazarNews.kg