www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу түзүлгөн кырдаалдын экономикалык жана социалдык туруктуулукка тийгизген терс таасирин төмөндөтүү боюнча бекитилген пландардын жыйынтыгы тууралуу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырдаалдын экономикалык жана социалдык туруктуулукка тийгизген терс таасирин төмөндөтүү боюнча планына ылайык төмөнкү чечимдер кабыл алынды: 

- ири өндүрүүчүлөргө, азык-түлүк ташуучуларга, ири соода түйүндөрүнүн кожоюндарына социалдык маанидеги айыл чарба продукцияларын жана азык-түлүктүн жетиштүү запасын, алардын сатылышын жана туруктуу наркын камсыз кылуу сунуш кылуу;

- мамлекеттик резервге күнүмдүк керектелүүчү азыктардын топтомун топтоо;

- социалдык маанидеги товарлардын, дары-дармектердин, медициналык каражаттардын импорту үзгүлтүксүз өтүшү үчүн транзиттик жүк ташуу боюнча «жашыл коридорду» камсыз кылуу механизмин

ЕАЭБдеги өнөктөштөр менен уюштуруу жана макулдашуу;

 - азык-түлүк түрүндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү жардам берүү. 

Премьер-министр Өкмөт калктын социалдык-аярлуу катмары үчүн өзгөчө абал режиминин кесепети кандай болорун жакшы түшүнөрүн баса белгиледи. 

«Мен жарандарды өзгөчө абал киргизилген шаарлардын жана облустардын коменданттарынын иши менен көрсөтмөлөрүнө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырам. Мамлекет өз кезегинде эч ким көңүл буруусуз жана камкордуусуз калбаш үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү жасап жатат.

Жалпы коркунуч алдында бүгүнкү күндө элдин, бизнестин жана мамлекеттин болуп көрбөгөндөй биримдигин сезип жатабыз. Көпчүлүк ишкерлер жана жөнөкөй жарандар калктын социалдык жактан аярлуу катмарына ар тараптан көмөк көрсөтүүдө. Өкмөт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  жардам көрсөтүү боюнча так жана уюшкандыктагы иштерди камсыз кылат. Коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн ачылган атайын эсепке бир нече күндүн ичинде 50 млн сомдон ашык акча чогулду. Вируска каршы күрөшүүгө жумшалган ар бир сом үчүн отчёт беребиз», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости