www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Абылкайыр Узакбаев “Кыргыз-Казак чек арасындагы абал боюнча маалыматыңыз барбы” деп айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуевге суроо узатты.

"Чек арада фуралар айыл чарба продукциялары менен кечээ күндөн бери өтө албай турат. Мен ошол жакка бардым, айдоочулар продукциялары эмне болорун сурап жатышат. Түшүм жыйноолор башталууда, бул боюнча тез арада чара көрүү керек", - деди депутат.

Чодуев казак тарап бул маселе боюнча себептерин айтпай жатканын билдирди. "Ал жакта фитосанитардык кызматынын кызматкерлери бар, алар саат сайын өзгөрүүлөр болсо айтып жатышат", - деди министр.

Депутат Нурбек Алимбеков бул маселе премьер-министрдин деңгээлинде чечиле турганын баса белгилеп, өкмөткө тапшырма берүү керектигин кошумчалады.

Булак: NazarNews.org

Последние новости