www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-майда, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри — Республикалык ыкчам штабдын жетекчисинин орун басары Кубатбек Бороновду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча  мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, экономикалык активдүүлүктү жандандыруу маселелери талкууланды.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республика боюнча туруктуу-коркунучтуу эпидемиологиялык кырдаал дале сакталып жатканын баса белгиледи. Нарын облусунда оорураак абал байкалууда.

Анын маалыматы боюнча, Нарын облусуна медициналык адистердин кошумча тобу жөнөтүлдү.

Кубатбек Боронов ошондой эле көпчүлүк региондордо жуктуруп алгандар жана алар менен байланышта болгондорду аныктоо боюнча иштер жыйынтыкталганын маалымдады.

Бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдөн келип жаткан жарандардын арасынан жуктуруп алган жаңы фактылардын саны көп катталууда. Дээрлик күн сайын чет жактан жүк ташыган чоң жүк ташуучу унаа айдоочуларынын жана чет өлкөлөрдөн келген мекендештердин арасынан коронавирус инфекциясынын жаңы учурлары аныкталууда.

Мурда Соль-Илецк шаарынан (Россия) келген Кыргызстандын беш жүздөн ашуун жаранынын ичинен азыркы тапта жүздөй адамдын анализдеринен инфекциянын бардыгы аныкталды.

Биринчи вице-премьер-министр үй карантинине жайгаштырылган адамдардын арасында белгиленген талаптарды бузуу учурлары көп болуп жаткандыгын кошумчалады.

Мындан сырткары, Кубатбек Боронов азыркы тапта үстүбүздөгү жылдын 21-майынан тарта объекттерди үчүнчү этап менен ишке киргизүү маселеси каралып жаткандыгын билдирди. Ал санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузгандарга карата катуу чаралар көрүлүп жатканын, бир катар мекемелер талаптарды аткарбагандыгы үчүн жабылгандыгын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Обсервацияларда жаткан жана үй карантининдеги жарандардын карантиндик-эпидемиологиялык эрежелерди сакташына көзөмөлдү күчөтүүгө көңүл бурду.

Мамлекет башчысы жарандардын өздөрүнүн саламаттыгынын коопсуздугу үчүн жеке жоопкерчилигин, санитардык-гигиеналык ченемдерин, анын ичинде коомдук жайларда беткап тагынуу режимин сактоосун дагы бир жолу баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков ишмердүүлүгүн жандандырган ишканалардын зарыл болгон талаптарды сактоосуна да көзөмөлдү күчөтүү керектигин белгилөө менен уюмдардын, ишканалардын жетекчилеринин өздөрүнүн кызматкерлеринин ден соолугу жана коопсуздугундагы, жергиликтүү бийлик жетекчилеринин аймактардагы эпидемиологиялык кырдаалдагы ролун баса белгиледи.

Булак: NazarNews.org

Последние новости