www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Балтанын тургуну сүйүктүүсүн терезеден таштап жиберген. Бул тууралуу укук коргоочу Камиль Рузиев журналисттерге билдирди. Анын айтымында, 2020-жылдын 15-февралында А. аттуу жаран 19 жаштагы Нина Манаеваны конокко чакырган. Бир канча убакыттан кийин Нинага чет элдик тааныштары туулган күнү менен куттуктоо үчүн телефон чалышкан.  Мас жигит Нинаны кызганып, аны 2-кабаттан таштап жиберген. Жабырлануучу ушундай көрсөтмө берип жатат.

Рузиевдин айтымында, Нина омурткасынан жаракат алган. Оор операциядан кийин жана бир нече айлар бою реабилитациялык борбордо калышы керек болууда. Анын үстүнө жабырлануучу майыптар арабасына түбөлүк жипсиз байланып калуу коркунучуна кептелген.

“Кыздын апасы Жайыл РИИБине кырсык болгон күнү эле арыз жазып кайрылган. Кылмыш иши козголгону менен соттук-медициналык экспертизалардын жыйынтыгы чыга элек жана эки тарап беттеше да элек. Милиционерлер карантинге байланыштуу иш токтоп турганын билдирди. Жигит өзүн күнөөсүз деп эсептейт. - Жабырлануучу балкондон кулап кеткенде мен ал жерде эмес элем, Нина өзү терезеден секирген, - деп маалымат берүүдө”, - деди укук коргоочу Рузиев.

Жигит азыр деле эркиндикте жүргөнүнө жабырлануучулар нараазычылыгын билдиришүүдө.

11-майда аталган кырдаалга байланыштуу жабырлануучу кыз президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоп, аны Камил Рузиев электрондук кат иретинде мамлекет башчысынын кабыл алуусуна жөнөткөн.

Булак: NazarNews.org

Последние новости