www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

8-майда Гонконгдун парламентинде депутаттар мушташа кетти. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда чет элдик басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кайым айтышуудан мушташка чейин жеткен чыр демократиялык реформаларды жактаган депутаттар менен Кытайдын борбордук бийлигине ыктаган өкмөттү колдогон депутаттардын ортосунда болгон.

Чыр талашуу мыйзамдарды караган комитет жетекчиси шайлоодо бир пикирге келе албагандыктан чыккан. Окуядан кийин оппозициячыл депутаттар күч менен сыртка чыгарылып, комитет жетекчилигине Пекиндин таламын талашкан депутат шайланган.

Эске сала кетсек, Гонконгдо 2019-жылдын жай айларынан тартып пандемия башталганга чейин элдердин нааразычылык акциялары токтобой келген. Басымдуу бөлүгүн студенттер түзгөн миңдеген адамдардын тынымсыз көчөгө чыгышына кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору себеп болгон. Ал мыйзам артка чакыртылганы менен бийликке каршы нааразычылык акциялары токтогон эмес.

Булак: NazarNews.org

Последние новости