www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бөрк ал десе баш алган” аша чапкан Атамбаевдин же болбосо божомол ушак көрө албастык менен иш жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыгы менен бир канча адамдар соттолуп, кутулуганы кутулуп, кутулбаганы, ушул күнгө чейин жалган-жалаа менен абакта олтургандары айтпасакта коомчулукта белгилүү.

Буга далил катары, Атамбаевдин мурдагы периштеси, Өмүрбек Текебаевдин ак куусу, Нариман Түлеевдин колтугундагы карындашы, Аида Салянова агасын сыздатып камап, жалаа менен каралап сызга олтургузуп, Кытайдан алынып келинген автобустарды, шаар тазалыгы алынган техникаларынан кемчилдик издеп, ак жеринен камаган.

Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, “кара булут” Түлеевдердин башына айланганы турат. Алсак, жакын арада кайрадан Нариман Түлеевдин урук-туугандарынын үй-мүлкүн жана ишканаларын тартып алуу пландаштырылып жатканы тар чөйрөдө айтылып жатат.

Эске сала кетсек, буга чейин Нариман Түлеев камалып турганда атасынан айрылган. Эми минтип апасы карылыктын доорун сүрө турган мезгилде баласынын сар-санаасын көрүп, Кудайдан актыкты тилеп, уулун “каралагандарга” ыйман-ынсап тилеп олтургандыгын уктук. Ал эми Түлеевдер чукулда чоң маалымат жыйынын өткөрүп, КР президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдойт экен.

Нариман Түлеевдин кайрылуусун, “автобустардын” айынан камакка алынганын билген Сооронбай Жээнбеков кандай кабыл алат?, деген суроо жаралат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости