www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жомок бар, тасмалды жайып койсо эле, дасторкон дүр-дүйнө азык-түлүккө толуп чыгат. «Алма быш, оозума түш» -деп жата беришпей, окумуштуулар кургакчылыкка жана ашыкча суу шартында өсө алчу буудайдын түрүн чыгарууга мүмкүнчүлүк берген ачылышты ачышты. Бул ачылыш-абдан чоң дүйнөлүк деңгээлдеги мааниге ээ. Буудайдын ДНКсын, анын эмнеден тургандыгын ачсак, анда адамзат каалаган көлөмдө түшүм алууга жетише алат. Демек, азык-түлүктөрдүн чыгышы көбөйөт.
Кыргызстанда гендик инженерияны өнүктүрүүгө шарттар барбы?
Бир жолу парламент депутаты Акылбек Жапаров Европага барып келип 60 литр сүт бере турган уйдун тукумун алып келдим деп айтканы бар. Бизде бир уй үч литрден сүт берсе, 20 уй 60 литр сүт берет. 20 уй канчага тоюттанат? Бул уй 20 уйдун тоютун экономдоп жатат да. Анан Акылбек Жапаров миллионер болбогондо 2-3 литр сүт алган кыргызбай миллионер болмок беле? Советтик мезгилде жүгөрү, буудай, кызылча сыяктуу дан өсүмдүктөрү менен жашылчалардын гибриддери Кыргызстанда иштелип чыкчу. Кыргызстанда урук чыгаруу, гибриддерди жаратуу жакшы өнүксө айыл чарбада жылыш болот. Дүйнөлүк рынокко чыгуу үчүн бизде бардык шарттар бар. Климат, топурак, жер семирткичтер — биздин артыкчылык. Кыргызстандын шартында классикалык - аргындаштыруу жолу менен 60-70 центнерден түшүм берген сорттор да чыккан. Бирок алар лабораторияда 60-70 центнерден түшүм беришкени менен өндүрүшкө барганда - 20-30 центнер болуп калып жатат. 60-70 центнерден түшүмдү өйдө дагы бир аз көбөйтсө болоор эле. Бирок, биринчиден түшүмдүүлүктү көбөйтсө, анын сапаты - белок, клейковинасы төмөндөп, унга, нанга жарабай, тоют болуп калышы мүмкүн. Экинчиден, алар лабораторияда 60-70 центнерден түшүм беришкени менен талаага айдаганда 20-30 центнер болуп калып жатат. Ошону эске алыш керек.
Түшүм көбөйгөнү анын сапаты менен айкалышса, анда мындай ачылыштар айыл-чарбасынын келечегин түзөт. Ошондо, дүйнө жүзү боюнча ачкачылыкка дуушар болуп жаткан адамдарды нан, башка азык-түлүк менен камсыз кылууга жакшы шарт түзүп бере алат.
Классикалык-аргындаштыруу жолу менен буудайдын жаңы сорттору Кыргызстанда деле чыгарын айттык. Ал эми буга чейин генетикалык жактан жакшыртылган - модификацияланган өсүмдүктөрго байланыштуу кооптонуулар болуп келди эле. Жаңы кургакчылыкка жана ашыкча суу шартында өсө алчу буудайдын түрүн чыгарууга мүмкүнчүлүк берген ачылыштын кооптуу жактары барбы? Жок. Жанакы генетикасын өзгөртүп, модификациялап чыгарылган продукция бизге Кытайдан, Ирандан, башка өлкөлөрдөн келип жатпайбы.Булар абдан коркунучтуу. Алардын таасири - тукум кубалап кетиши мүмкүн. Ал эми, өсүмдүктүн өзүнүн сырын, анын геномун, ДНКсын табуу - коркунуч келтирбейт. Бул - илимдин жаңы жетишкендиги, жаңы тепкичи.
Кыргызстан классикалык жол менен чыгарган күздүк Асыл, Албира, Жамин (Жамин Акималиевдин ысмында) деген буудайлардын жана жазгы буудайдын жаңы касиеттерин түзгөн экенбиз. Булар 70 центнерге чейин түшүм берет.Эгерде талаада ушунчадан түшүм алсак канча жакшы болмок. Бул ыкма - модификацияланбастан, жаратылыш мүнөздөмөсүнүн негизинде алынып жатат. Ал эми, гендик инженерия аркылуу жазалган сорттордун келечеги кең жана сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылат.
Айыл чарбасында гендик инженерия көп каражатты талап кылбаган абдан кирешелүү тармак. Кыргызстан үчүн гендик инженерия абдан маанилүү тармак. Бирок азыр эч ким бул иш менен алектенбей жатат. Урук, гибрид чыгаруу — көп финансыны талап кылбаган, билим гана керектелген абдан кирешелүү сектор. Советтик доордо буудай, кызылча, жүгөрүлөрдүн гибриддерин чыгарып таратчубуз. Бул багытта мамлекеттик структуралар урап, эч кандай урук өндүрүлбөй калды. Учурга жараша гендик инженерияны жеке компанияларга бериш керек. Жеке компаниялар урук чыгаруу менен иш алып барса тез арада атаандаштык жаралып, чет өлкөнүн рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк ачылат..
Гендик инженерия деген эмне?
Гендик инженерия - биотехнологияны пайдалануу аркылуу организмдин геномун түздөн-түз башкаруу. Бул клеткалардын генетикалык түзүлүшүн өзгөртүү, анын ичинде жакшыртылган же жаңы организмдерди өндүрүү үчүн түркүмдөрдүн ичинде жана арасында гендерди которуштуруу үчүн пайдаланылган технологиялар жыйындысы болуп саналат. Жаңы ДНК изилденген генетикалык материалды молекулярдык клондоо ыкмаларын колдонуу менен обочолонтуу жана көчүрүү аркылуу же болбосо ДНКны жасалма түрдө синтездештирүү жолу менен алынат. Куруу адатта организмге ДНКны киргизүү аркылуу жаралып, колдонулат. Ошондой эле гендер киргизилгенде жараян гендерди чыгарып салышы, же "кыйратышы" үчүн колдонулушу мүмкүн. Жаңы ДНК туш келди эле киргизилиши, же болбосо белгилүү бир геномго багытталышы ыктымал.
Гендик инженериянын жардамы менен өндүрүлгөн бир организм генетикалык өзгөртүлгөн деп эсептелип, натыйжада зат генетикалык жактан өзгөртүлгөн организм болуп калат. Биринчи генетикалык жактан өзгөртүлгөн организмдер 1973-жылы чыгарылган бактериялар, ал эми биринчи генетикалык өзгөртүлгөн жаныбарлар 1974-жылы чычкандар болгон. Инсулин өндүргөн бактериялар 1982-жылы сатыкка чыгып, генетикалык өзгөртүлгөн азык-түлүктөр 1994-жылдан бери сатылып келет. Гендик инженерия ыкмалары көптөгөн тармактарда, анын ичинде изилдөөдө, айыл чарбасында, өнөр жай биотехнологиясында жана медицинада колдонулуп келет. Кир жуугуч күкүмдөрүндө жана инсулин, адамды өстүргөн гормондор сыяктуу дары-дармектерде колдонулган энзимдер азыркы күндө клеткаларда, эксперименталдык генетикалык өзгөртүлгөн клетка саптарында өндүрүлөт. Ал эми чычкандар жана зебра балыктар сыяктуу генетикалык өзгөртүлгөн жаныбарлар изилдөө максаттарында колдонулат жана генетикалык өзгөртүлгөн өсүмдүктөр сатылып келет.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg