www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-мартта Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын видеоконференция форматындагы бейформал саммитине катышат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Иш-чарада эл аралык жана регионалдык актуалдуу маселелерди талкуулоо пландаштырылган.

Бейформал саммитке Казакстандын тунгуч президенти жана Түрк кеңешинин ардактуу төрагасы Нурсултан Назарбаев, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышары күтүлүүдө.

Ошондой эле байкоочу-өлкө катары Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, ал эми Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов ардактуу конок катары катышары мерчемделүүдө.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши — мамлекеттер аралык уюм. Анын башкы максаты — түрк тилдүү мамлекеттердин ар тараптуу кызматташтыгына көмөктөшүү. ТМКК ишмердүүлүгү өзүнө саясий, социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык жана илимий-техникалык кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн камтыйт.

Бүгүнкү күндө аталган уюмдун мүчөлөрү — Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан. Венгриянын бул уюмга байкоочу-өлкө статусу бар.

Президент Түрк кеңешинин видеоконференция форматындагы жыйынына катышат

Булак: NazarNews.kg

Последние новости