www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңеш акыйкатчынын орун басарлыгына Анвар Султанбековдун талапкерлигин карады. Анда депутат Жанар Акаев Султанбековдун эски иштерин эске салды.

«Азия универсал банкында иштеп турганда айрым саясатчылардын туугандарына насыя бергенсиз. Ал азыр да коомчулукта чуу жараткан маселелердин бири. Ал жерде сиздин колуңуз коюлган. Ал кишилер менен сиз жакын доссуз. Ошондуктан биз ойлонуп туруп добуш беришибиз керек», - деди Акаев.

Султанбеков Акакевдин суроолоруна жооп берип жатып фамилиясын өзгөрткөнүн кошумчалады.

«Фамилиям мурда Төлөгөнов болчу. Атамдын аты өчпөсүн деп Султанбеков кылып өзгөрткөм», - деди ал.

Султанбеков 2020-жылдан тартып Акыйкатчы институтунда адам укугун коргоо бөлүмүндө эксперт болуп иштеп келген. Буга чейин ал банк тармагында, Тышкы иштер министрлигинде иштеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости