www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү бекеттери 3-апрелден тарта убактылуу жабылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) чек ара кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Кытайдын «Цинмин» салттуу майрамынын майрамдалышына байланыштуу кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү бекеттери 3-апрелден 5-апрелге чейин убактылуу жабылат.

«Унаалардын жана товарлардын өтүүсүнө 6-апрелден баштап уруксат берилет», - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү бекеттери атайын алгоритм менен иштөөдө. Бекет аркылуу Кытайдан Кыргызстанга бир гана товарлар өтүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости